# КР маданият, маалымат жана туризм министрлинин 2016-жылдын 15-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР маданият, маалымат жана туризм министрлинин 2016-жылдын 15-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 617
- Кабыл алынган күнү: 15.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.12.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200129>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-669/edition/817003/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200129.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР маданият, маалымат жана туризм министрлинин 2016-жылдын 15-декабрындагы № 617 "Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу (15.12.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200129

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 15-декабры № 617 Кыргыз Республикасынын музейлеринде жайгашкан музей буюмдарын жана музей коллекцияларын эсепке алуу жана сактоо боюнча нускаманы бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө" 2015-жылдын 24 июлундагы № 193 Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15 сентябрындагы № 530 токтомуна ылайык, жана Кыргыз Республикасынын музейинде турган музей коллекцияларын жана музей буюмдарын сактоону камсыз кылуу жана толук эсепке алуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Кыргыз Республикасынын музейинде турган музей коллекцияларын жана музей буюмдарын сактоо жана эсепке алуу боюнча нускама бекитилсин.

2. Ушул буйрук "Эркин-Тоо" газетасына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 31-январында № 9 жарыяланды

3. Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин бир жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

4. Маалымат жана коммуникация департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин веб-сайтына буйрукту жарыялоону камсыз кылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Статс-катчы Б.Секимовго жүктөлсүн.

Министр

Т.Казаков
