# КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 30-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндөгү"

- Толук аталышы: КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 30-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндөгү"
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 30.01.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200126>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-667/edition/816997/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200126.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 30-январындагы № 40 "Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндөгү" (30.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200126

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 30-январы № 40 Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелерин бекитүү жөнүндөгү "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык, Кыргыз Республикасында темир жол өтмөктөрүн коопсуз пайдалануу жана укуктук негизди камсыздоо максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын Темир жол өтмөктөрүн иштетүү боюнча эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2017-жылдын 7-февралында № 15-16 жарыяланды

3. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

4. Бул буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын транспорт жана жол министринин орун басары Осоев Э. көзөмөлдөөгө алсын.

Министр

Ж. Калилов
