# КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2017-жылдын 22-февралындагы № 61 «Кыргыз Республикасынын Музей фондун башкарууну жана мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу маселелери жөнүндө” буйругу

- Толук аталышы: КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2017-жылдын 22-февралындагы № 61 «Кыргыз Республикасынын Музей фондун башкарууну жана мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу маселелери жөнүндө” буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 61
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-666/edition/816993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2017-жылдын 22-февралындагы № 61 «Кыргыз Республикасынын Музей фондун башкарууну жана мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу маселелери жөнүндө” буйругу (22.02.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200124

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МАДАНИЯТ, МААЛЫМАТ ЖАНА ТУРИЗМ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 22-февралы № 61 «Кыргыз Республикасынын Музей фондун башкарууну жана мамлекеттик каттоого алууну уюштуруу маселелери жөнүндө” “Кыргыз Республикасынын музейлери жана Музей фонду жөнүндө” 2015-жылдын 24 июлундагы № 193 Мыйзамын иш жүзүнө ашыруу, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 25-январындагы №44, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу токтомунун 9-пунктуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Кыргыз Республикасынын Музей фондунун Мамлекеттик каталогу жөнүндө Жобо, музей буюмдарын жана музей коллекцияларын Кыргыз Республикасынын Музей фондунун курамына киргизүү жана андан чыгаруу тартиби бекитилсин.

2. Ушул буйрук “Эркин-Тоо” газетасына расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Маданий мурастарды сактоо жана өнүктүрүү башкармалыгы расмий жарыялангандан кийин үч жумушчу күндүн ичинде ушул буйрукту мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберсин.

4. Маалымат жана коммуникация департаменти Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин веб-сайтына буйрукту жарыялоону камсыз кылсын.

5. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө Статс-катчы Б.Секимовго жүктөлсүн.

Министр

Т. Казаков
