# КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругу

- Толук аталышы: КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 162
- Кабыл алынган күнү: 02.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.07.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-662/edition/1070352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.07.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Транспорт жана жол министрлигинин 2017-жылдын 2-майындагы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» буйругу (31.07.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200110

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК (31-июлундагы 2018-жылдын № 3 буйругунун редакциясында) 2017-жылдын 2-майы № 162 «Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү Жобону бекитүү жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» 2014-жылдын 15-сентябрындагы №530 токтомунун негизинде, Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жумуштарды түзүү, макулдашуу жана бекитүү боюнча, жумуштарды тартипке салуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасындагы жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын оӊдоо жана тейлөө боюнча иштерди пландаштыруу жана аткаруу тартиби жөнүндөгү тиркелген Жобо бекитилсин.

2. Ушул буйрукту «Эркин-Тоо» гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин веб-сайтына жарыялоосун, басма-сөз катчысы Досумбетов К.Р., регистрацияланган күндөн кийин, үч жумуш күндүн ичинде камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин консультанттар тобунун башчысы Кайынбаев Н.Б., ушул буйрукту расмий жарыялаган күндөн кийин, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы Жол чарба департаменти ушул буйруктун 1 пунктунда көрсөтүлгөн Жобону колдонсун.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2016-жылдын 4-январьдагы №2 буйругу, күчүн жоготту деп табылсын.

7. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөөнү Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.

Министр

Ж. Калилов
