# КР Транспорт жана жол министрлинин 2017-жылдын 4-майындагы № 165 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө Жобону бектиүү тууралуу» буйругу

- Толук аталышы: КР Транспорт жана жол министрлинин 2017-жылдын 4-майындагы № 165 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө Жобону бектиүү тууралуу» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 165
- Кабыл алынган күнү: 04.05.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 04.05.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-659/edition/816955/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.05.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Транспорт жана жол министрлинин 2017-жылдын 4-майындагы № 165 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө Жобону бектиүү тууралуу» буйругу (04.05.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200105

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2017-жылдын 4-майы № 165 «Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө Жобону бектиүү тууралуу» Автомобиль жолдорун жана жол курулмаларын куруу, реконструкциялоо жана оңдоо иштерин сапатын камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 2-июнундагы № 72 "Автомобиль жолдору жөнүндө" Мыйзамынын негизинде, жана ошондой эле Бажы Биримдигинин «Автомобиль жолдорунун коопсуздугу» ТР ТС 014/2011 техникалык реглментине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылыдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелеген Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдорун курууда, реконструкциялоодо жана оңдоодо иштердин сапатын көзөмөлдөө системдүүлүгүн камсыздоо жөнүндө жобо бекитилсин.

2. КР ТжЖМнын пресс-катчысы К.Р. Досмамбетовго ушул буйрук “Эркин-Тоо” гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин веб-сайтына катталган күндөн тартып 3 иш күн ичинде жарыялоо камсыз кылынсын.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жолдор министрлигинин ЧУАны иштеп чыгуу боюнча консултанттардын тобунун жетекчиси Н.Б. Кайынбаевге расмий жарыяланган күндөн тартып 3 иш күн ичинде ушул буйрукту белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоо үчүн жөнөтүлсүн.

4. КР ТжЖМнын автомобиль жолдор башкармалыгынын начальниги М.Дж. Алыпсатаровго, КР ТжЖМнын алдындагы Жол чарба департаментинин директору А.А.Ибраевге жогоруда көрсөтүлгөн Жобонун аткарылышын камсыз кылсын.

5. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн 7 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө КР Транспорт жана жолдор министринин орун басары А.И. Жусубалиевге жүктөлсүн.

Министр

Ж. Калилов
