# КР транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 "Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу Эрежесин бекитүү жөнүндөгү" буйругу

- Толук аталышы: КР транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 "Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу Эрежесин бекитүү жөнүндөгү" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 428
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.02.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200100>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-656/edition/1128965/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200100.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.02.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР транспорт жана жолдор министрлигинин 2016-жылдын 30-декабрындагы № 428 "Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу Эрежесин бекитүү жөнүндөгү" буйругу (14.02.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200100

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА ЖОЛ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 30-декабры № 428 Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу Эрежесин бекитүү жөнүндөгү (КР Транспорт жана Коммуникациялар министирлигинин 2022-жылдын 14-январындагы № 37 буйругунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 сандуу токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү тартиби жөнүндө" Жобосуна ылайык жана Кыргыз Республикасынын "Темир жол транспорту жөнүндө" Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Кыргыз Республикасынын темир жол транспортунда почта жөнөтүүлөрүн, жүк багаждарын, багаждарды, жүргүнчүлөрдү ташуу Эрежеси тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Бул буйрук расмий түрдө жарыялангандан тартып он күндөн кийин күчүнө кирет.

3. Ченемдик укуктук актынын көчүрмөлөрү мамлекеттик жана расмий тилдерде эки нускада, кагаз жана электрондук түрдө, аталган ченемдик укуктук акты жарыяланган булакты көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин.

4. Бул Буйруктун аткарылышын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министринин орун басары Осоев Э.А. көзөмөлдөөгө алсын.

Министр

Ж.Калилов
