Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Финансы министрлигинин «Эсеп-чот планын жана аны колдонуу боюнча колдонмону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179-Б буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө» буйругу
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕМЬЕР-МИНИСТРИ БУЙРУК 2016-жылдын 14-декабры № 202-Б "Эсеп-чот планын жана аны колдонуу боюнча колдонмону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179-Б буйругуна толуктоо киргизүү жөнүндө Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти андан ары өркүндөтүү максатында, ошондой эле "Бухгалтердик эсеп жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 17-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алуу менен, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. "Эсеп-чот планын жана аны колдонуу боюнча колдонмону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы 179-Б буйругуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган буйрук менен бекитилген "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча колдонмонун" тиркемесинде:
- 221-пункттагы "Министрликтер жана ведомстволор" деген сөздөн кийин ", жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппараттары" деген сөздөр менен толукталсын.
2. Ички аудит жана бухгалтердик эсеп методологиясы башкармалыгы:
- бул буйрукту, ал катталган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик жана расмий тилдерде "Эркин-Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына жарыяласын;
- бул буйрукту, ал расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;
- бул буйрукту, ал күчүнө кирген күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.
3. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрук каттоодон өткөн күндөн тартып үч жумуш күнүнүн ичинде аны Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына расмий жарыялоону камсыздасын.
4. Ушул буйрук расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы З.Э.Баямановага жүктөлсүн.
Министр
А.Касымалиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- КР Каржы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179-п "Эсеп-чот планы жана аны пайдалануу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.11.2014 · № 179-п · Күчүн жоготкон
- КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б "Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүү боюнча жобону бекитүү…Приказ · 29.06.2017 · № 97-П · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндөЗакон · 20.07.2009 · № 241
- Бухгалтердик эсеп жөнүндөЗакон · 29.04.2002 · № 76
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон
- КР Каржы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179-п "Эсеп-чот планы жана аны пайдалануу боюнча колдонмону бекитүү жөнүндө" буйругуПриказ · 27.11.2014 · № 179-п · Күчүн жоготкон