# КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-нпа "Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү, Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-нпа "Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү, Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 4-нпа
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-646/edition/1121275/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 18-майындагы № 4-нпа "Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү, Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу" буйругу (18.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200084

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 18-майы № 4-нпа Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрдү, Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрдү, Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөрдү бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомунун негизинде, курулуштун сметалык наркын аныктоого бирдиктүү усулдар мамилесин сактоо, рынок экономикасынын жаңы талаптарына ылайык сметалык ченемдер тутумун камсыз кылуу максатында, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- 1-тиркемеге ылайык Курулуш өндүрүмүнүн наркын эсептеп чыгарууда кошумча чыгымдардын өлчөмүн эсептеп чыгуунун тартиби жөнүндө усулдук көрсөтмөлөрү;

- 2-тиркемеге ылайык Курулуштагы сметалык пайданын өлчөмүн аныктоо боюнча усулдук көрсөтмөлөрү;

- 3-тиркемеге ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында курулуштун наркын аныктоочу усулдук көрсөтмөлөрү.

2. Талдоо, баа бычуу жана тышкы байланыштар бөлүмүнүн начальниги Г.Э.Асановага:

ушул буйрук катталган күнүнөн тартып үч күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чаралар кабыл алынсын:

- "Эркин Тоо" гезитинде буйрукту расмий жарыялоо;

- буйрукту Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтында жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин веб-сайтында жайгаштыруу;

расмий жарыяланган күнүнөн тартып бир жумушчу күнүнүн ичинде аталган ченемдик укуктук актыны жарыялаган булакты белгилөө менен, кагаз жана электрондук алып жүрүүдө, мамлекеттик жана расмий тилде эки нускада буйруктун көчүрмөсү мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жиберилсин; буйрук күчүнө кирген күнүнөн тартып бир жумушчу күнүнүн ичинде буйруктун көчүрмөсү маалымат үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жиберилсин.

3. Ушул буйрук расмий жарыяланган күнүнөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары А.А.Абдыкаровго жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору

Т.Мамбетов
