# КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа " Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө " буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа " Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө " буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 5-нпа
- Кабыл алынган күнү: 27.05.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.01.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200072>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-636/edition/1042094/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200072.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2016-жылдын 27-майындагы № 5-нпа " Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө " буйругу (25.01.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200072

---

КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 27-майы № 5-нпа Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү көптөгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү максатында жана шаарлар менен калктуу конуштар тармагын өнүктүрүү аракеттерин камсыздоо үчүн, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтому бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) баардык ведомство карамагындагы жана аймактардагы бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, Бишкекбашкыархитектурасы бул Эрежелер топтомун жетекчиликке алсын.

3. Мамкурулуштун пресс-катчысы Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:

- буйруктун “Эркин-Тоо” газетасына расмий жарыяланышы боюнча;

- Өкмөттүн расмий веб-сайтына жана Мамкурулуштун веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу боюнча.

4. Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту:

- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;

- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.

5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары А.А. Абдыкаровго жүктөлсүн.

Директор

Т. Мамбетов
