Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин « Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө « буйругу
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «ПРИКАЗ ГОСАГЕНТСТВА АРХИТЕКТУРЫ, СТРОИТЕЛЬСТВА И ЖИЛИЩНО-КОММУНАЛЬНОГО ХОЗЯЙСТВА КР от 25 января 2021 года N 41 "Об утверждении Строительных норм Кыргызской Республики СН КР 30-02:2020 "Состав, порядок разработки, согласования и утверждения градостроительной документации в Кыргызской Республике"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-01-25.
КР Мамкурулуштун 2021-жылдын 25-январындагы № 41-нпа буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИ БУЙРУК 2016-жылдын 27-майы № 5-нпа Кыргыз Республикасынын Шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтомун бекитүү жөнүндө Архитектуралык-курулуш ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү көптөгөн көйгөйлөрдү өз убагында чечүү максатында жана шаарлар менен калктуу конуштар тармагын өнүктүрүү аракеттерин камсыздоо үчүн, 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМ:
1. Тиркелген Кыргыз Республикасынын шааркуруу документтеринин курамы, иштеп чыгуу, макулдашуу жана бекитүү тартиби жөнүндө Эрежелер топтому бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) баардык ведомство карамагындагы жана аймактардагы бөлүнүштөрүнүн жетекчилери, Бишкекбашкыархитектурасы бул Эрежелер топтомун жетекчиликке алсын.
3. Мамкурулуштун пресс-катчысы Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту менен биргеликте расмий жарыяланган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде төмөнкүлөр боюнча чара көрсүн:
- буйруктун “Эркин-Тоо” газетасына расмий жарыяланышы боюнча;
- Өкмөттүн расмий веб-сайтына жана Мамкурулуштун веб-сайтына буйрукту жайгаштыруу боюнча.
4. Мамкурулуштун Мамлекеттик шааркурулушу жана архитектура долбоорлоо институту:
- расмий жарыяланган күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн эки нускада мамлекеттик жана расмий тилдеринде, бул ченемдик укуктук акттын жарыялоо булагын көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине мамлекеттик каттоого жөнөтсүн;
- буйрук күчүнө кирген күндөн тартып бир жумушчу күндүн ичинде буйруктун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына маалымат үчүн жөнөтсүн.
4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн тартып 15 күндүн ичинде күчүнө кирет.
5. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо Мамкурулуштун директорунун орун басары А.А. Абдыкаровго жүктөлсүн.
Директор
Т. Мамбетов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 25-январындага № 41-нпа "КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын…Приказ · 25.01.2021 · № 41-нпа
- Кочкор-Ата шаардык кеңешинин 2021-жылдын 28-январындагы № 01-5/274 "Кочкор-Ата шаар мэриясынын №01-36/1640 сандуу кайрылуусун кароо жөнүндө (шаардын баштапкы планын кароо)" токтомуПостановление · 28.01.2021 · № 01-5/274
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин буйругу менен бекитилген 2016-жылдын 27 майындагы № 5-нпа…Свод · 27.05.2016 · № 5-нпа · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба агенттигинин 2019-жылдын 28-февралындагы № 36-нпа "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө…Приказ · 28.02.2019 · № 36-нпа · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнө караштуу архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин 2017-жылдын 13-июлундагы, № 8-нпа "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу…Приказ · 13.07.2017 · № 8 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- КР ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ АРХИТЕКТУРА, КУРУЛУШ ЖАНА ТУРАК ЖАЙ-КОММУНАЛДЫК ЧАРБА МАМЛЕКЕТТИК АГЕНТТИГИНИН 2021-жылдын 25-январындага № 41-нпа "КР КЧ 30-02:2020 “Кыргыз Республикасынын…Приказ · 25.01.2021 · № 41-нпа
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына…Постановление · 15.09.2014 · № 530 · Күчүн жоготкон