# КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДО КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ 2015-жылдын 13-июлу № 84 2015-жылдын 9-июлу № 694 2015-жылдын 1-июлу № 376 2015-жылдын 8-июлу № 100 "Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДО КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ 2015-жылдын 13-июлу № 84 2015-жылдын 9-июлу № 694 2015-жылдын 1-июлу № 376 2015-жылдын 8-июлу № 100 "Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 84
- Кабыл алынган күнү: 13.07.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.01.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-627/edition/1152431/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДО КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ 2015-жылдын 13-июлу № 84 2015-жылдын 9-июлу № 694 2015-жылдын 1-июлу № 376 2015-жылдын 8-июлу № 100 "Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө" буйругу (30.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДЫ КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ

Бишкек шаары,

2015-жылдын 13-июлу № 84

2015-жылдын 9-июлу № 694

2015-жылдын 1-июлу № 376

2015-жылдын 8-июлу № 100

"Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө (КР ЮМ, КР ССМ жана КР ИИМ 2017жылдын 30-январындагы № 15 биргелешкен буйругунун редакциясына ылайык)

"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында, БУЙРУК КЫЛАБЫЗ:

1. Бекитилсин:

- эксперттик адистиктердин классификатору (№ 1 тиркеме);

- Кыргыз Республикасынын соттук эксперттерине көрсөтүлгөн квалификациялык талаптар (№ 2 тиркеме);

- "Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобо (№ 3 тиркеме).

2. Эксперттик адистиктердин классификатору, Кыргыз Республикасынын соттук эксперттерине көрсөтүлгөн квалификациялык талаптар жана "Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобо Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын буйругу менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн экендиги белгиленсин.

3. Бул буйруктун аткарылышы үчүн контрол Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Таштанов Нуржан Анарбаевичке, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Сатыбалдиев Калыбек Ажыбековичке, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мурзалиев Амангелди Жолдошбековичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын штабынын начальниги Мадяров Тимур Мысыровичке жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын юстиция министри

Кыргыз Республикасынын ички иштер министри

Ж.Мамбеталиева

М.Турганбаев

Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы

Т.Батыралиев

А.Султанов
