КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДО КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ «Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө» жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө» буйругу
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ күчүндөгү редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЮСТИЦИЯ МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН САЛАМАТТЫКТЫ САКТОО МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ИЧКИ ИШТЕР МИНИСТРЛИГИНИН, КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ БАҢГИЗАТТАРДЫ КОНТРОЛДОО БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫНЫН БИРГЕЛЕШКЕН БУЙРУГУ
Бишкек шаары,
2015-жылдын 13-июлу № 84
2015-жылдын 9-июлу № 694
2015-жылдын 1-июлу № 376
2015-жылдын 8-июлу № 100
"Соттук эксперттердин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобону жана соттук эксперттерге көрсөтүлгөн квалификациялык талаптардын, эксперттик адистиктердин классификаторун бекитүү жөнүндө (КР ЮМ, КР ССМ жана КР ИИМ 2017жылдын 30-январындагы № 15 биргелешкен буйругунун редакциясына ылайык)
"Соттук-эксперттик иш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомун ишке ашыруу максатында, БУЙРУК КЫЛАБЫЗ:
1. Бекитилсин:
- эксперттик адистиктердин классификатору (№ 1 тиркеме);
- Кыргыз Республикасынын соттук эксперттерине көрсөтүлгөн квалификациялык талаптар (№ 2 тиркеме);
- "Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобо (№ 3 тиркеме).
2. Эксперттик адистиктердин классификатору, Кыргыз Республикасынын соттук эксперттерине көрсөтүлгөн квалификациялык талаптар жана "Кыргыз Республикасынын Соттук эксперттеринин квалификациясын жогорулатуу жана кесиптик даярдыгын уюштуруу жөнүндө" жобо Юстиция министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын буйругу менен өзгөртүлүшү жана толукталышы мүмкүн экендиги белгиленсин.
3. Бул буйруктун аткарылышы үчүн контрол Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин статс-катчысынын м.а. Таштанов Нуржан Анарбаевичке, Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Сатыбалдиев Калыбек Ажыбековичке, Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министринин орун басары Мурзалиев Амангелди Жолдошбековичке жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын штабынын начальниги Мадяров Тимур Мысыровичке жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын юстиция министри
Кыргыз Республикасынын ички иштер министри
Ж.Мамбеталиева
М.Турганбаев
Кыргыз Республикасынын саламаттыкты сактоо министри
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы
Т.Батыралиев
А.Султанов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · ага шилтеме бергендер: 0 · байланышкандар: 0
Документ шилтеме берген актылар (3)
- Соттук-эксперттик иш жөнүндөЗакон · 24.06.2013 · № 100
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-мартындагы № 132 "Кыргыз Республикасындагы соттук-эксперттик иштин айрым маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 17.03.2014 · № 132 · Күчүн жоготкон
3 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме документтин барагында, «Байланыштар» панелинде.