# КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 25-январындагы № 1 "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 25-январындагы № 1 "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 25.01.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.01.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-625/edition/728335/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.01.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнө караштуу жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын 2016-жылдын 25-январындагы № 1 "Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу" буйругу (25.01.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200033

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНӨ КАРАШТУУ ЖАЗАЛАРДЫ АТКАРУУУ МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТЫ БУЙРУК 2016-жылдын 25-январы № 1 Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускаманы бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу кодексинин 54-беренесине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө” токтомунун 11-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-декабрындагы № 530 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы жөнүндө Жобонун 12-пунктуна ылайык, БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Тиркемеге ылайык Режимдик талаптар коюлган Жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин аймагында жана аларга чектеш аймактарда жүргөн адамдарды, алардын буюмдарын, унаа каражаттарын кароо тартиби жөнүндө Нускама бекитилсин.

2. Бул буйруктун аткарылышын контролдоо ЖАМКнын төрагасынын биринчи орун басары и/к полковниги О. Энтериевге калтырылсын.

3. Ушул буйрук расмий жарыялангандан он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Төрага

О. Энтериев
