# КР финансы министрилигинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 195-б "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча Колдонмону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179 буйругуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР финансы министрилигинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 195-б "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча Колдонмону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179 буйругуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 195-п
- Кабыл алынган күнү: 18.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-620/edition/831976/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР финансы министрилигинин 2015-жылдын 18-ноябрындагы № 195-б "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча Колдонмону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179 буйругуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө" буйругу (29.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200027

---

КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 29-июнундагы № 97-Б буйругуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2015-жылдын 18-ноябры № 195-б "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча Колдонмону Бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179 буйругуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Мамлекеттик башкаруу секторунда бухгалтердик эсепти өркүндөтүү максатында, ошондой эле "Бухгалтердик эсепке алуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесин, "Ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесин жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 токтомун жетекчиликке алып, БУЙРУК КЫЛАМ:

1. "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча колдонмону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2014-жылдын 27-ноябрындагы № 179 буйругуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- "Эсеп-чот планы жана аны колдонуу боюнча колдонмо" Тиркемесине:

- 96-пункттун (в) пунктчасынын 1-абзацы төмөндөгү сүйлөм менен толукталсын:

"Мында, Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча иш сапарында иш сапар күбөлүгү таризделет, ал эми Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары күбөлүк таризделбейт, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарынын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жетекчилигинин жана депутаттарынын ишин камсыздоочу кызматкерлер, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Аппаратынын иш Башкармасынын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин иш Башкармасынын Автотранспорттук ишканасынын кызматкерлеринин иш сапарларынан башкасы;".

2. Бухгалтердик эсеп жана ички аудит методологиясы башкармалыгы:

- ушул буйрукту "Эркин Тоо" гезитине жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий веб-сайтына мамлекеттик жана расмий тилдерде жарыялансын;

- бул буйрукту расмий жарыяланган күндөн баштап бир жумушчу күн ичинде мамлекеттик каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн;

- ушул буйруктун күчүнө кирген күндөн баштап бир жумушчу күн аралыгында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына жөнөтсүн.

3. Коомчулук менен байланышуу сектору ушул буйрукту Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин веб-сайтына жарыялоону камсыздасын.

4. Бул буйрук расмий жарыяланган күндөн баштап он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 24-ноябрында N 114 жарыяланды

5. Ушул буйруктун аткарылышын контролдоо статс-катчы З.Э.Баямановага жүктөлсүн.

Министр

А.Касымалиев
