# КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу

- Толук аталышы: КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 29.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200023>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-617/edition/683841/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200023.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР транспорт жана коммуникациялар министрлигинин 2015-жылдын 29-октябрындагы № 311 «Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» буйругу (29.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200023

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ТРАНСПОРТ ЖАНА КОММУНИКАЦИЯЛАР МИНИСТРЛИГИ БУЙРУК 2015-жылдын 29-октябры № 311 «Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелерин бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17 беренелеринин, Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 «Аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым мыйзам чыгаруу укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 9-июлундагы Темир жол транспорту тууралуу” №90 Мыйзамынын талаптарын аткаруу максатында, жана ошондой эле укуктук базанын жана Кыргыз Республикасында темир жол транспортун коопсуз эксплуатациялоо максатында БУЙРУК КЫЛАМЫН:

1. Кыргыз Республикасынын темир жолунун техникалык иштетүү Эрежелери бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Кыргыз темир жолу Мамлекеттик ишканасы бул буйрукту аткарсын.

3. Бул буйруктун аткарылышын көзөмөлдөө, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министринин тиешелүү орун басарына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникация министри

А. Малабаев
