# КР финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" буйругу

- Толук аталышы: КР финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" буйругу
- Актынын түрү: Приказ
- Номери: 175-п
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.02.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200014>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/52-616/edition/1048691/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200014.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.02.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР финансы министрлигинин 2015-жылдын 14-октябрындагы № 175-б "Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө" буйругу (02.02.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200014

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ФИНАНСЫ МИНИСТРЛИГИНИН БУЙРУГУ

2015-жылдын 14-октябры № 175-б Мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндө укуктук ченемдик актыларды бекитүү жөнүндө (КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-Б, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйруктарынын редакцияларына ылайык) Мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартибин аныктаган укуктук ченемдик актыларды Кыргыз Республикасынын "Мамлекеттик сатып алуулар боюнча" Мыйзамы менен ылайыкташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын 15-сентябрь 2014-жылдын № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна ылайык БУЙРУК КЫЛАМ:

1. Бекитилсин:

- Электрондук мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн эрежелери жөнүндө жобо;

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2021-жылдын 2-февралындагы № 1-ДП буйругуна ылайык күчүн жоготту);

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2017-жылдын 11-октябрындагы № 140-Б буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Финансы министрлигинин 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150-П буйругунун редакциясына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- "Конкурстук тоорукту жүргүзүү учурунда конкурстук табыштамаларды баалоо тууралуу методикалык нускаманы бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 19-февраль 2013-жылдын № 30-П буйругу;

- "Сатып алуучу уюмдар үчүн мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү тартиби тууралуу жетекчиликти бекитүү боюнча" Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин 2-июль 2014-жылдын № 120-П буйругу.

3. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бул буйругунун аткарылышы үчүн контролдук Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик сатып алуулар департаментине жүктөлсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин бул буйругу расмий жарыяланган тартып 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2015-жылдын 23-октябрында № 103-104 жарыяланды

Кыргыз Республикасынын финансы министри

А. Касымалиев
