# 6-статья. Суу менен жабдуу ишканаларынын компетенциясы

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 ноября 2011 года № 206 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде""](https://aqlex.ai/kg/doc/203445)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.11.2011 [Закон КР от 12 ноября 2011 года № 206 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде""](https://aqlex.ai/kg/doc/203445); 28.06.2003 [Закон КР от 28 июня 2003 года № 118 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/1243)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569366..569367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 6-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-6

---

Суу менен жабдуу ишканасы: түзүлгөн келишимдерге ылайык абоненттерди суу менен жабдууну, булганыч сууларды алууну, бурууну жана тазалоону камсыз кылат; ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга ылайыктуулугун камсыз кылат; суу түтүктөрү канализациялык тармактардын, суу алынуучу чорголордун жана алардын балансында турган башка курулуштардын абалына жана пайдаланылышына такай көзөмөлдүк жүргүзүүнү жүзөгө ашырат; көп квартиралуу турак үйлөрдөгү жайлардын ээлеринин жалпы мүлкү болуп саналган керектөөчү приборлорунан (кран, аралаштыргыч, суу челеги жана башкалар) башка, эксплуатациялануучу тармактардын жана жабдуулардын талаптагыдай техникалык абалын жана коопсуздугун камсыз кылышат; ичүүчү суунун коромжулугуна каршы план ченемдүү күрөш жүргүзүшөт, сырткы тармактардагы суулардын коромжу агууларын айкындашат, абоненттердин ички тармактарында суунун коромжулуктарына контролдукту жүзөгө ашырышат, ичүүчү сууну берүүнүн тарифтеринин сакталышын, булганыч сууларды агызып чыгаруунун жана булгоочу заттарды чыгаруунун ченемдиктерин контролдошот; абоненттердин суу ченөөчү приборлору (суу ченегичтери) жок суу керектөөчүлөрүнүн курамын, санын текшерүүлөрдү жүргүзүшөт. Суу менен жабдуучу ишкана абоненттерге суу берүү убактылуу токтотулган, ал суу түтүктөрүн курулушун жана тармагын пландуу оңдоого байланышкан учурларда бул жөнүндө абоненттерге кеминде беш суткадан мурда кабарлоого милдеттүү. Керектөөчүлөрдү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу ишканалары тарабынан Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин жоболоруна, "Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык түзүлүүчү жана алардын өз ара мамилелеринин негизи болгон коомдук келишимдердин негизинде жүргүзүлөт. Коомдук келишимде келишимдин предмети - керектөөчүнү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу белгиленген ченемдиктен аз эмес санда жана "Ичүүчү суунун" стандартынын талаптарына ылайык келген сапатта үзгүлтүксүз камсыз кылуу каралат, ошондой эле керектөөчүнүн берилген чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу үчүн акы төлөөсүнүн мөөнөттөрү макулдашылат. Керектелүүчү суунун саны чарбалык-ичүүчү суу керектөөчүнүн ар бири үчүн суу менен жабдуу ишканасы тарабынан орнотулуучу жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) боюнча аныкталат. Орнотулган жекече суу ченөөчү приборлор (суу ченегичтер) суу менен жабдуу ишканасынын балансына алынат жана анын менчиги болуп саналат. Керектөөчүгө сууну келишимде белгиленген ченемдерден аз же стандарттын талаптарына ылайык келбегендей же олуттуу кемчиликтер менен берүү, ошондой эле күн бою жана андан ашыгыраак убакытка суу бербөө келишимди бузууга жатат жана керектөөчүгө келтирилген материалдык зыяндын ордун толтуртуп алуу укугун жана доонун суммасынын 3 пайыз өлчөмүндө бышмана төлөтүп алууга укук берет, бирок ал бул өлчөмдөн ашпоого тийиш. (КР 2003-жылдын 28-июнундагы № 118, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-7)
