# 5-статья. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын калкты

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 ноября 2011 года № 206 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде""](https://aqlex.ai/kg/doc/203445)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 12.11.2011 [Закон КР от 12 ноября 2011 года № 206 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде""](https://aqlex.ai/kg/doc/203445); 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195); 29.09.2000 [Закон КР от 29 сентября 2000 года №81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569366..569367>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-5>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-5.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 5-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-5

---

ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы компетенциясы

Төмөндөгүлөр: тиешелүү ведомстволук баш ийүүдөгү аймакта калкты гигиеналык талаптарга жооп берген ичүүчү суу менен зарыл болгон көлөмдө жабдуу; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун өнүктүрүү боюнча пландаштырылуучу документтердин, башкы схемалардын, максаттуу программалардын жана иш-чаралардын пландарынын курамында иштеп чыгуу жана бекитүү; суу менен жабдуу булактарынын болушу жана абалы жөнүндө маалыматтарды, калктын талап кылынган көлөмдөгү жана сапаттагы ичүүчү суу менен жабдууга болгон керектөөлөрүн канааттандыруунун мүмкүнчүлүктөрүн, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумунун ишенимдүүлүгүн эсепке алуу жана баа берүү; суу менен жабдуу булактарында санитардык коргоо зоналарын уюштуруу жана аны сарамжал пайдалануу боюнча иш-чараларды өткөрүү; калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун сапатына контролдук кылуу боюнча жумуштарды пландаштыруу, каржылоо, материалдык-техникалык жагынан камсыз кылуу; Кыргыз Республикасындагы суу менен жабдуу жана канализация тутумдарын пайдалануудагы колдонулган эрежелеринин негизинде чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун тутумдарын пайдалануунун жергиликтүү эрежелерин бекитүү; ичүүчү суунун чыгымдалышын эсепке алууну жүзөгө ашыруу; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдарынын жана сууда коркунучтуу булгануулар болгон учурда ичүүчү сууну пайдаланууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө жана калкты чарбалык-ичүүчү суу менен кадыресе камсыз кылууну калыбына келтирүү жана ичүүчү суунун зарыл болгон сапатын камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрүү тууралу стандарттардын талаптарынын сакталашына мамлекеттик көзөмөл органдарынын корутундуларынын негизинде чечимдерди кабыл алуу; ведомстволорго караштуу аймактарда суу коргоо иш-чараларын уюштуруу жана алардын аткарылышына контролдук жүргүзүү, суу менен камсыз кылуу булактарын жана суу түтүктөрүн санитардык коргоо зоналарынын тартибин бузуу учурларына бөгөт коюу боюнча чараларды көрүү; мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана стандарттардын талаптарынын сакталышына мамлекеттик көзөмөл органдары менен макулдашуу боюнча өзгөчө жагдайларда (табигый кырсык, суу менен жабдуу булактарындагы суунун булганышынын коркунучтуу деңгээлге жетишин аныктоо жана башкалар) чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун мүмкүнчүлүгү жана шарттары жөнүндө чечимдерди кабыл алуу; ичүүчү суунун сапаты, аны чыгымдоонун ченемдери жана үнөмдөөнүн ыкмалары, акы төлөөнүн тартиби жөнүндө калкты зарыл болгон маалымат менен камсыз кылуу; жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык кылынган чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун башка маселелерин мыйзамдарга ылайык чечүү калкты ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын компетенциясына таандык кылынат; монополияга каршы аймактык органдар менен макулдашуу боюнча калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу боюнча тарифтерди бекитүү (белгилөө). Мамлекет тарабынан жекече турак жай конуштары уюштурулганда, мамлекет өзүнүн мамлекеттик органдарынын атынан ал жерде жашаган калкты суу менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн 3 жылдын ичинде суу түтүгүн курууга жана пайдаланууга берүүгө милдеттүү. Бул учурларда республикалык, жергиликтүү бюджеттер, мамлекеттик органдардын бюджеттен тышкаркы каражаттары жана Кыргыз Республикасынын мыйзамына карама-каршы келбеген башка булактар каржылоо булагы болуп саналат. (КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2011-жылдын 12-ноябрындагы № 206 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-4)  
Кийинки берене: [6-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-6)
