# 26-статья. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл ара-

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: VI бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-26>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-26.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 26-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-26

---

лык кызматташтыктын принциптери

Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасы негиздене турган негизги принциптер: аны коопсуздугун жана зыянсыздыгын, мамлекеттин ушул укукту камсыз кылууга милдеттүүлүгүн камсыз кыла турган ар бир адамдын ичүүчү суу менен зарыл көлөмдө жана тиешелүү сапатта камсыз кылууга болгон шексиз укугун таануу: бир дагы мамлекет аракеттеринин натыйжасында башка мамлекеттин чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуусуна зыян келтирүүгө укуксуз экендигин таануу; ичүүчү суунун коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын ченемдерин белгилөө, анын сапатына контролдук жүргүзүүнүн, курулуштардын жана суу түтүктөрүнүн технологиясынын жана натыйжалуу пайдаланылышынын усулдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууну жүргүзүүнү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу маселелери боюнча мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды эркин алмашууну камсыз кылуу, суу менен камсыз кылуу булактарына келтирилген коркунуч, булгануу коркунучу жөнүндө жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө жагдайлар келип чыккан учурда калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ушул коркунучту же өзгөчө жагдайдын кесепеттерин четтетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жөнүндө шашылыш кабарлоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.

---

Мурунку берене: [25-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-25)  
Кийинки берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-27)
