26-статья. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл ара-
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · VI бөлүм
лык кызматташтыктын принциптери
Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашырууда Кыргыз Республикасы негиздене турган негизги принциптер: аны коопсуздугун жана зыянсыздыгын, мамлекеттин ушул укукту камсыз кылууга милдеттүүлүгүн камсыз кыла турган ар бир адамдын ичүүчү суу менен зарыл көлөмдө жана тиешелүү сапатта камсыз кылууга болгон шексиз укугун таануу: бир дагы мамлекет аракеттеринин натыйжасында башка мамлекеттин чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуусуна зыян келтирүүгө укуксуз экендигин таануу; ичүүчү суунун коопсуздугунун жана зыянсыздыгынын ченемдерин белгилөө, анын сапатына контролдук жүргүзүүнүн, курулуштардын жана суу түтүктөрүнүн технологиясынын жана натыйжалуу пайдаланылышынын усулдарын иштеп чыгуу боюнча тажрыйба алмашууну жүргүзүүнү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу маселелери боюнча мамлекеттердин ортосунда маалыматтарды эркин алмашууну камсыз кылуу, суу менен камсыз кылуу булактарына келтирилген коркунуч, булгануу коркунучу жөнүндө жана башка өлкөлөрдүн аймагында өзгөчө жагдайлар келип чыккан учурда калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ушул коркунучту же өзгөчө жагдайдын кесепеттерин четтетүү боюнча биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жөнүндө шашылыш кабарлоону жүзөгө ашыруу болуп саналат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
26-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-26" title="26-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>