# 23-статья. Калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу жагындагы укук бу-

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: V бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569365..569366>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-23>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-23.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 23-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-23

---

зуулар үчүн жоопкерчилик

Юридикалык жана жеке жактардын укукка жат аракеттери менен ичүүчү суунун гигиеналык талаптарга ылайык келбешинин натыйжасында калктын саламаттыгына зыян келтирилгенде же калкты ичүүчү суу менен талап кылынган көлөмдө камсыз кылууга мүмкүн болбогондо, болбосо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна зыян келтирүүдө күнөөлүү болгон юридикалык жана жеке жактар ушул Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзамдык жана ченемдик укуктук актыларына ылайык жоопкерчилик тартат. Калкты ичүүчү суу менен жабдуу жагындагы укук бузууларда күнөөлүү болгон, атап айтканда: ичүүчү суунун сапатына контролдукту камсыз кылуу жагындагы санитардык эрежелердин ченемдерин жана гигиеналык ченемдерди, мамлекеттик стандарттарды, курулуш ченемдерин жана эрежелерин, технологиялык регламенттерге жана башка ченемдик документтерди сактабаганда; суу менен жабдуу булактарынын жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналары үчүн белгиленген тыюу салуулар менен чектөөлөрдү бузганда; суу менен жабдуу булактарын булгаганда жана ушунун натыйжасында адамдардын саламаттыгына жана/же суу менен камсыз кылуу ишканаларына зыян келтирилгенде; бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну өндүрүүнүн жана керектөөчүлөргө жөнөтүүнүн, турмуш тиричиликте пайдаланылуучу сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу каражаттарын өндүрүүнүн жана керектөөчүлөргө жөнөтүүнүн белгиленген тартибин бузганда; ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөлдү жүзөгө ашыруучу органдардын буйруктарына баш ийбегенде; калкка жөнөтүлүүчү ичүүчү суунун сапаты жөнүндө маалыматты өз убагында бербегенде же бурмалап бергенде, өз убагында толук жана так маалымат берүүдөн баш тартканда; сууну тазалоо жана зыянсыздандыруу үчүн зарыл болгон реагенттерди суу менен камсыз кылуу ишканаларына жөнөтүүнү үзгүлтүккө учуратканда, алардын сапатына карата коюлуучу талаптарга ылайык келбеген реагенттерди жөнөткөндө; ичүүчү сууну так эмес эсепке алганда; суу түтүгүнүн тармагына уруксаты жок кошулганда жана чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суудан пайдаланганда; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тармактарындагы жана курулуштардагы авариялык жагдайлар, булгануу коркунучу жөнүндө маалыматты жашырганда же өз убагында бербегенде; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдалануунун эрежелерин сактабаганда, калкты суу менен камсыз кылууну начарлатууга алып келгенде же ушул тутумдарды пайдаланган ишканаларга зыян келтиргенде; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдарындагы курулуш-монтаждоо жумуштары жана оңдоо-профилактикалык иш-чараларды өткөрүүнүн мөөнөттөрү үзгүлтүккө учураганда; өз убагында эскертпей туруп электр энергиясын өчүрүп коюу суу менен жабдуу ишканаларына зыян келтиргенде, ошондой эле башка укук бузуулар жасалганда, - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазапулга тартылат. Укук бузуулар үчүн жазапулдар Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруусунун атайын ыйгарым укук берилген органдары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат. Ушул Мыйзамда каралган жазапулдарды салуунун тартиби жана иштерди кароонун мөөнөттөрү Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан регламенттештирилет. Ичүүчү суунун коопсуздугун камсыз кылуу жагындагы Кыргыз Республикасында белгиленген укук тартибине шек келтирген коомдук коркунучтуу жосундарды жасоодо күнөөлүү болгон жана жарандарга жана/же чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна олуттуу зыян келтирген адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жазык жоопкерчилигине тартылат. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [22-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-22)  
Кийинки берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-24)
