# 22-статья. Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана аны сарамжал пай-

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: IV бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569365..569366>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-22>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-22.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 22-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-22

---

далануу боюнча жумуштарды пландаштыруу жана материалдык жагынан түрткү берүү

Ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу жана аны сарамжал пайдалануу боюнча жумуштарды пландаштыруу жана материалдык жагынан түрткү берүү чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууну өнүктүрүүнүн мамлекеттик максаттуу программаларынын, калкты суу менен жабдууну жакшыртуу боюнча иш-чаралардын аймактык (областтык, шаардык, райондук) программаларынын жана пландарынын негизинде жүзөгө ашырылат, программаларда жана пландарда чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун проблемаларынын бардык аспектилерин, анын ичинде ичүүчү суунун сапатын ченемдик камсыз кылууну, анын сапатына контролдук жүргүзүүнү, аны тазалоонун жана зыянсыздандыруунун тутумун өркүндөтүүнү, суу түтүктөрүнүн тармактарын кайра конструкциялоону, суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоону жана башкаларды камтууга тийиш. Мамлекеттик программалар боюнча жумуштарды каржылоо республикалык бюджеттин жана бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен, ал эми аймактык программаларга жана пландарга киргизилген жумуштарды каржылоо абоненттердин макулдашуусу боюнча үлүштүк катышуусу каражаттардын эсебинен жүзөгө ашырылат. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жана ичүүчү суунун сапатын жакшыртуу боюнча жумуштарды максаттуу каржылоо үчүн аймактык бюджеттик жана бюджеттен тышкаркы фондулар түзүлүшү мүмкүн. Ичүүчү суунун сапатын жакшыртууга жана аны сарамжал пайдаланууга багытталган жумуштарга материалдык жагынан түрткү берүү; ичүүчү суунун сапатын эске алуу менен ага дифференцияланган тарифтерди белгилөө; ичүүчү суунун лимиттен тышкары чыгымдалганда анын наркын прогрессивдүү түрдө жогорулатуу, ичүүчү суунун жакшыртылган сапаты жана ичүүчү сууну зарыл (белгиленген өлчөмдө) үзгүлтүксүз берүү боюнча талаптарды милдеттүү түрдө аткарууда аны үнөмдөө үчүн суу менен жабдуу ишканаларынын жана ичүүчү сууну керектөөчү ишканалардын (уюмдардын) кызматкерлеринин айлык акысына сыйлык катары кошумча төлөөлөрдү киргизүү аркылуу жүргүзүлөт. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [21-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-21)  
Кийинки берене: [23-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-23)
