# 19-статья. Ичүүчү суунун сапаты тууралу маселелерди калкка кабарлоо

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-19>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-19.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 19-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-19

---

Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдары тарабынан жөнөтүлүүчү ичүүчү сууну керектөөчүлөр аны жөнөтүүчүлөрдөн (суу менен жабдуу ишканаларынан) ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу. Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну керектөөчүлөр үчүн маалымат суу куюлган бөтөлкөлөрдөгү (башка идиштердеги) этикеткаларга жазылууга, сууну даярдоочу, суунун курамы, аны даярдоонун мөөнөттөрү жана жарактуулугу, ылайык келүү сертификатынын бар экендиги жөнүндө толук жана так маалыматтарды камтууга тийиш. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, сууну жөнөтүүчүлөр жана контролдоочу органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш. Эгерде ичүүчү суунун сапатына карата коюлган ченемдик талаптардан четтөөлөрдүн аныкталышы сапаттын тышкы көрсөткүчтөрүнө гана таандык болсо жана адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирбесе, мунун өзү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдардын корутундулары менен ырасталса, анда мындай маалымат четтөөлөрдү жоюунун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен керектөөчүлөргө кабарланууга тийиш. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы органдар жана керектөөчүлөрдүн коомдук уюмдары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана стандарттташтыруу, метрология жана сертификациялоо органдары менен биргелешип, ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүдө, суунун сапатына карата сын-пикирлер жөнүндө калктан алынган маалыматтарды жыйноодо жана талдоодо талап кылынган сапатка ылайык келбеген сууну керектөөнүн натыйжасында келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө сотко доо кое алат.

---

Мурунку берене: [18-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-18)  
Кийинки берене: [20-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-20)
