19-статья. Ичүүчү суунун сапаты тууралу маселелерди калкка кабарлоо
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · III бөлүм
Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумдары тарабынан жөнөтүлүүчү ичүүчү сууну керектөөчүлөр аны жөнөтүүчүлөрдөн (суу менен жабдуу ишканаларынан) ичүүчү суунун сапаты, анын стандарттарга, санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келиши, ошондой эле ылайык келүү сертификаты жөнүндө так маалыматты талап кылууга укуктуу. Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну керектөөчүлөр үчүн маалымат суу куюлган бөтөлкөлөрдөгү (башка идиштердеги) этикеткаларга жазылууга, сууну даярдоочу, суунун курамы, аны даярдоонун мөөнөттөрү жана жарактуулугу, ылайык келүү сертификатынын бар экендиги жөнүндө толук жана так маалыматтарды камтууга тийиш. Суунун сапатынын адамдардын саламаттыгына коркунуч келтиргендигин ырастаган айрым көрсөткүчтөр боюнча ылайык келбөө аныкталган учурда, сууну жөнөтүүчүлөр жана контролдоочу органдар бул тууралу сууну керектөөчүлөргө келип чыккан коркунучту болтурбай кое турган этияттык кылуу чаралары жөнүндө маалымат берүү менен массалык маалымат каражаттары аркылуу токтоосуз түрдө кабарлоого тийиш. Эгерде ичүүчү суунун сапатына карата коюлган ченемдик талаптардан четтөөлөрдүн аныкталышы сапаттын тышкы көрсөткүчтөрүнө гана таандык болсо жана адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирбесе, мунун өзү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык органдардын корутундулары менен ырасталса, анда мындай маалымат четтөөлөрдү жоюунун мөөнөттөрүн көрсөтүү менен керектөөчүлөргө кабарланууга тийиш. Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо боюнча жергиликтүү мамлекеттик администрациянын алдындагы органдар жана керектөөчүлөрдүн коомдук уюмдары мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органдары жана стандарттташтыруу, метрология жана сертификациялоо органдары менен биргелешип, ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүдө, суунун сапатына карата сын-пикирлер жөнүндө калктан алынган маалыматтарды жыйноодо жана талдоодо талап кылынган сапатка ылайык келбеген сууну керектөөнүн натыйжасында келтирилген зыянды компенсациялоо жөнүндө сотко доо кое алат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
19-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-19" title="19-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>