Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
17-статья. Санитардык коргоо зоналары
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · III бөлүм
Суу алуучу жерлер жана суу түтүктөрүнүн курулуштары турган жерлерде суунун кокусунан же атайылап булганышынын мүмкүнчүлүгүн жокко чыгаруу, ошондой эле суу алуучу чөлкөмдөгү суунун сапатын начарлатууга алып келиши мүмкүн болгон суу менен жабдуунун булагынын булганышын болтурбай коюу максатында алардын ведомстволук таандуулугуна карабастан, суу менен жабдуунун бардык булактарында жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүндө санитардык коргоо зоналары белгиленет. Санитардык коргоо зоналарын уюштуруу, аларды долбоорлоонун жана пайдалануунун тартиби, аларга кирүүчү аймактардын чек араларын (бөлүктөрдү, тилкелерди) жана сууларды коргоонун аларга ылайыктуу тартибин белгилөө, санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексин, анын ичинде бөлүктөр менен тилкелердин чектериндеги иштин ар кандай түрлөрүнө чектөөлөр жана тыюу салуулар белгиленген тартипте белгиленүүчү санитардык эрежелер жана ченемдер менен регламенттештирилет. Санитардык коргоо зонасынын бүткүл аянтында: өнөр-жайлык, айыл чарбасындагы, турмуш-тиричиликтеги агынды сууларда жол берилүүчү ченемдерден ашык чектерде булгоочу заттар болгондо, алардын суу менен камсыз кылуу булагына агып киришине; аймакты өнөр жайлык жана айыл чарбасынын таштандылары, күйүүчү-майлоочу материалдар, уу химикаттар, жер семирткичтер, ошондой эле суу менен жабдуу булактарын химиялык булгоону пайда кыла турган башка заттар менен булгоого; ассенизациялоо талааларын, чыпкалоо талааларын, адамдарды жана малдарды көмүүчү жерлерди, суу менен жабдуу булактарын микробдор менен булгоону пайда кылышы мүмкүн болгон башка объектилерди жайгаштырууга тыюу салынат. Санитардык коргоо зонасынын аймагында уу химикаттарды жана жер семирткичтерди колдонууга, жаңы өнөр жай ишканаларын, күйүүчү-майлоочу материалдардын, уу химикаттардын жана минералдык жер семирткичтеринин кампаларын, күйүүчү-майлоочу материалдардын түтүк өткөргүчтөрүн курууга жана иштеп жаткандарын кеңейтүүгө чектөөлөр киргизилет. Санитардык коргоо зоналарындагы санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексин аткаруу үчүн жоопкерчилик: суу алуучу жер жана суу түтүктөрүнүн курулуштары жайгашкан аймакта (санитардык коргоо зонасынын биринчи тилкеси) - ушул курулуштарды пайдалануучу ишкананын администрациясына; суу менен жабдуу булагына жанаша жаткан аймакта (экинчи жана үчүнчү тилкелер) жана суу алынып келинүүчү жерлердин санитардык-коргоо бөлүктөрүнүн чектеринде - жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, аракеттери суу менен жабдуу булактарын булгап жаткан же булгашы мүмкүн болгон ишканалардын жана башка юридикалык жактардын администрациясына жүктөлөт. Cанитардык коргоо зоналарында санитардык-коргоо иш-чараларынын комплексинин аткарылышына контролдук жүргүзүүнү мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык кызматтын органдары жана мекемелери мамлекеттик экологиялык контролдоо органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу жүзөгө ашырат. Суу мыйзамдарынын сакталышына жана суу коргоо чараларынын, санитардык коргоо зонасынын аймагында белгиленген тартиптин аткарылышына мамлекеттик контролдук жүргүзүүнү Кыргыз Республикасынын мамлекекттик санитардык-эпидемиологиялык кызматынын органдары жана мекемелери жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча аймактык органдары жүзөгө ашырат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-17" title="17-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>