# 16-статья. Суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоо

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195); 29.09.2000 [Закон КР от 29 сентября 2000 года №81 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/370)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569365..569366>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-16>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-16.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 16-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-16

---

Суу менен жабдуу булактарын булгануудан коргоо ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын камсыз кылуунун шексиз шарты болуп эсептелет жана суу менен жабдуу булактарын жана чарбалык-ичүүчү багыттагы суу түтүктөрүнүн санитардык коргоо зоналарын түзүү, ошондой эле үстүңкү жана жер алдындагы суу объектилеринин булганышын болтурбай коюу жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ченемдик актыларында белгиленген экологиялык талаптарды сактоо боюнча иш-чаралардын комплексин аткаруу аркылуу жетишилет. Суу менен камсыз кылуу булактары аймагында турган мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул органдар тарабынан уруксат берилген жээктей кеткен суу зоналарындагы чарбалык жана башка иштин натыйжасында алардын булганышы үчүн жоопкерчилик тартат; суу коргоо иш-чараларын өткөрүүгө жана суу менен камсыз кылуу булактарындагы суунун сапатына контролдук жүргүзүүгө жооптуу органдардын ишин камсыз кылат жана координациялайт; суунун сапатынын начарланышына алып келиши мүмкүн болгон же чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумуна зыян келтириши мүмкүн болгон ар кандай ишке бөгөт коюу боюнча токтоосуз чараларды көрүүгө милдеттүү. Суу менен камсыз кылуу булактарында болуп жаткан физикалык, биологиялык жана химиялык процесстерге, алардын булганышынын деңгээлине байкоо жүргүзүү тиешелүү мамлекеттик кызматтар тарабынан жүзөгө ашырылат. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жергиликтүү шарттарга негизденүү менен жана атайын ыйгарым укук берилген органдардын сунуштарына ылайык булгануулардын коркунучтуу түрлөрүн камтыган ичүүчү сууну керектөөдөн калктын саламаттыгына зыян келтирүү мүмкүнчүлүгүнүн алдын алуучу, суу менен камсыз кылуу булактарын булгануудан коргоо боюнча кошумча талаптарды бекитиши мүмкүн. (КР 2000-жылдын 29-сентябрындагы № 81, 2009-жылдын 20-июлундагы № 240 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-15)  
Кийинки берене: [17-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-17)
