Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
15-статья. Ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөл
Күчүндө · 18.07.2014 редакциясы · III бөлүм
Ичүүчү суунун сапатына мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик экологиялык контролдоо органдары жана суу ресурстарын пайдалануунун жана коргоонун мамлекеттик башкаруу органдары менен өз ара аракеттенип, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн органдары жана мекемелери тарабынан төмөндөгү максаттарда: сууга, суу менен жабдуу булактарына жана ичүүчү суунун сапатына карата коюлуучу ченемдик гигиеналык талаптарды белгилеген колдонуудагы санитардык эрежелер менен ченемдердин, ошондой эле суу менен камсыз кылуу объектилерин жайгаштыруунун жана күтүүнүн санитардык эрежелеринин сакталашына контролдук жүргүзүү; адамдардын саламаттыгына коркунуч келтириши мүмкүн болгон ичүүчү суунун жана/же суу менен камсыз кылуу булагынын сапатын начарлатууга алып келе турган санитардык укук бузууларга бөгөт коюу чараларын колдонуу, мындай укук бузууда күнөөлүү болгон адамдарды жоопкерчиликке тартуу; ведомстволук баш ийген аймактарда санитардык-эпидемиологиялык жагдайды жакшыртуунун кыска мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү программаларын негиздеп иштеп чыгуу үчүн калк тарабынан керектелүүчү суу менен жабдуу булактарынын жана ичүүчү суунун абалын мамлекеттик санитардык-гигиеналык эсепке алуу максатында жүргүзүлөт. Калкты чарбалык-ичүүчү суу менен жабдууда пайдаланылуучу продукцияга, процесстерге жана усулдарга контролдук жүргүзүүгө мамлекеттик стандарттардын талаптарынын аткарылышына мамлекеттик көзөмөл мамлекеттик стандарттарга көзөмөл жүргүзүүчү мамлекеттик инспекторлор тарабынан төмөндөгү максаттарда: чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагында колдонулуп жаткан мамлекеттик стандарттардын талаптарынын аткарылышына, ошондой эле ичүүчү сууну өндүрүүдөгү жана анын сапатына контролдук жүргүзүүдөгү ченөө бирдиктерин камсыз кылууга контролдук жүргүзүү; мамлекеттик стандарттардын талаптарынын бузулушун болтурбай коюу жана бөгөт коюу боюнча шашылыш чараларды көрүү; чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу жагын ченемдик камсыз кылууну өркүндөтүү, реагенттердин, жабдуулардын, ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн усулдарын жакшыртуу боюнча ченөө каражаттарынын сапатын жогорулатуу боюнча негиздүү сунуштарды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу максатында жүргүзүлөт. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу объектилерин долбоорлоодо жана курууда курулуш ченемдеринин жана эрежелеринин сакталышына мамлекеттик көзөмөл архитектуралык-курулуш көзөмөл органдары тарабынан жүзөгө ашырылат.
Берененин тексти 18.07.2014 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/200/st-15" title="15-статья - Ичүүчү суу жөнүндө (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>