# 14-статья. Ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүү

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: III бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 18.07.2014 [Закон КР от 18 июля 2014 года № 144 "О внесении изменений и дополнения в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205365); 20.07.2009 [Закон КР от 20 июля 2009 года № 240 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О питьевой воде"](https://aqlex.ai/kg/doc/203195)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/200#diff=569368..569369>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-14>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-14.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 14-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-14

---

Ичүүчү суунун сапатына туруктуу өндүрүштүк контролдук жүргүзүү жок болгондо чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумун пайдаланууга тыюу салынат. Ичүүчү суунун гигиеналык жана эпидемиологиялык талаптарга ылайык келишин аныктоо максатында ичүүчү суунун сапатына өндүрүштүк контролдук жүргүзүү белгиленген тартипте аттестацияланган же аккредитацияланган суу менен жабдуу ишканаларынын лабораториялары тарабынан жүзөгө ашырылат. Өздөрүнүн лабораториялары жок ишканалар тарабынан пайдаланылып жаткан чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутумундагы ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнү белгиленген тартипте аккредитацияланган базалык, райондор аралык, көчмө жана башка лабораториялар келишимдик негизде жүзөгө ашырат. Ичүүчү сууда өзгөчө коркунучтуу компоненттердин бар экендигине атайын контролдук жүргүзүү мыйзамдарда белгиленген тартипте аккредитацияланган Кыргыз Республикасынын мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл уюмдары же органдары тарабынан жүзөгө ашырылат. Ичүүчү суунун жана суу менен камсыз кылуу булактарындагы суунун сапатына контролдук жүргүзүү белгиленген тартипте аттестацияланган жана бекитилген усулдар боюнча жүргүзүлөт. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган жана борборлоштурулбаган тутумдарындагы ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн типтүү программалары жана эрежелери санитардык ченемдерде, эрежелерде жана мамлекеттик стандарттарда белгиленет. Ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн айкын программалары жергиликтүү шарттарды эске алуу аркылуу суу менен жабдуу тутумун пайдаланып жаткан ишканалар тарабынан иштелип чыгып, мамлекеттик санитардык көзөмөлдүн аймактык органдары менен макулдашылат жана жергиликтүү кеңеш тарабынан бекитилет. Тиешелүү аймактагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын жетекчиси мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл органынын сунушу боюнча алардын ведомстволук таандуулугуна карабастан, суу менен жабдуу булактарынын булгануу деңгээли жогору болгондо же адамдардын саламаттыгына коркунуч келтирген башка санитардык жагдайлар өзгөргөндө, белгилүү бир мезгилге ичүүчү суунун сапатына контролдук жүргүзүүнүн убактылуу күчөтүлгөн тартибин (ылгап текшерүүнү жана/же контролдонуучу көрсөткүчтөрдү текшерүүнү көбөйтүү менен) киргизет. Ичүүчү суунун сапатын контролдоочу лабораториялардын жетекчилери анализдердин натыйжаларынын аныктыгы жана алар жөнүндө жооптуу кызмат адамдарына өз убагында маалымат берүү үчүн жоопкерчилик тартат. (КР 2009-жылдын 20-июлундагы № 240, 2014-жылдын 18-июлундагы № 144 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-13)  
Кийинки берене: [15-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-15)
