# 11-статья. Идишке куюлган ичүүчү суу

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 11-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-11

---

Идишке куюлган түрдө (бөтөлкөлөрдө же башка идиштерде) сатууга түшкөн суу мамлекеттик стандарттарда белгиленген талаптарга жана гигиеналык эрежелер менен ченемдерге ылайык келүүгө тийиш. Бөтөлкөгө куюлган суунун сапаты аны сактоонун кепилденген бүткүл мөөнөтүнүн ичинде белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү суунун коопсуздугу, зыянсыздыгы жана физиологиялык толук жарактуулугу гигиеналык сертификат жана ылайык келүү сертификаты менен ырасталууга тийиш. Бөтөлкөгө куюлган ичүүчү сууну ылайык келүү сертификатысыз өндүрүүгө жана сатууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-12)
