# 10-статья. Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: II бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 10-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-10

---

Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, турмуш-тиричиликтеги жана тайпалык техникалык каражаттары суунун коопсуздугун жана анын гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу үчүн колдонулат. Суунун турмуш-тиричиликтеги же тайпалык техникалык каражаттар менен тазалоонун мүмкүнчүлүктөрүнө негизденип, чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутумдарында сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун талаптарын бошоңдотууга тыюу салынат. Сапаттуу ичүүчү сууну борборлоштуруп берүүгө мүмкүнчүлүк жок болгон учурда, тамак-аш өнөр жайынын, коомдук тамактануунун ишканаларында, дарылоо-профилактикалык жана балдар мекемелеринде сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун тайпалык техникалык каражаттары милдеттүү түрдө колдонулат. Сууну тазалоонун жана зыянсыздандыруунун жеке, тайпалык техникалык каражаттары аларда иштетилген суунун санитардык-гигиеналык талаптарга ылайык келишин камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн ырастай турган милдеттүү сертификациялоодон өткөрүлүүгө тийиш. Бул каражаттарды гигиеналык сертификаттарсыз жана ылайык келүүчү сертификаттарсыз өндүрүүгө, сатууга жана колдонууга тыюу салынат.

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-11)
