# 1-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги түшүнүктөр

- Документ: [Ичүүчү суу жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/200)
- Документтеги орду: I бөлүм
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1999-жылдын 25-марты № 33 "Ичүүчү суу жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 33
- Кабыл алынган күнү: 25.03.1999
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.07.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-187/edition/569363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/200/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.07.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Ичүүчү суу жөнүндө, 1-статья (18.07.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-1

---

Суу - жыты жана даамы жок түзсүз, тунук суюктук. Ичүүчү суу - өзүнүн сапаты боюнча стандарттарга жана гигиеналык талаптарга, чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн белгиленген санитардык эрежелер менен ченемдерге ылайык келген суу. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу - тиешелүү ишканалар менен уюмдардын чарбалык-ичүүчү жана коммуналдык, турмуш-тиричилик максаттары үчүн адамдардын сууга болгон керектөөлөрүн камсыз кылууга багытталган иш чөйрөсү. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму - калкты ичүүчү суу менен камсыз кылуу үчүн арналган техникалык тутум. Суу түтүгүнүн тармагы (суу түтүгү) - ичүүчү сууну керектөөчү жерлерге берүү үчүн курулуштар менен жабдылган түтүк өткөргүчтөр тутуму. Чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуунун борборлоштурулган тутуму - суу түтүгүнүн тармагы бар чарбалык-ичүүчү суу менен жабдуу тутуму. Санитардык коргоо зонасы - суу менен камсыз кылуу булагын жана ушул булактан чарбалык-ичүүчү багыттагы суу берүүчү суу түтүгү, анда сууну өтө коркунучтуу химиялык жана биологиялык заттардан жана организмдерден булгануудан сактоонун өзгөчө тартиби белгиленет. Ичүүчү суунун кемчилиги - анын стандартка, келишимдин шарттарына жана ичүүчү суунун сапатына коюлуучу талаптарга ылайык келбеши. Ичүүчү суунун олуттуу кемчилиги - ичүүчү сууну анын максаттуу багытына ылайык пайдаланууга мүмкүн эместиги же жол берилгис кылган кемчилиги. Төмөндөгүлөр: сууда жөн гана караганда суу организмдеринин жана (же) үстүнкү катмардын байкалып турушу; кургак калдыктын 1500 мг/л дан жогору болушу; оңой байкалуучу жыттын, даамдын жана татымдын бар экендиги жана суу жөнүндө жагымсыз пикирлерди жаратуу ичүүчү суунун олуттуу кемчиликтерине таандык кылынат.

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/200/st-2)
