Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 17 февраля 2023 года № 87 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2023-02-17.
КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2020-жылдын 19-марты № 173 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын аймагына коронавирустун кирүүсүн алдын алуу жана жайылышына жол бербөө максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги № 238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги "фондору" деген сөз "фонддору" деген сөз менен алмаштырылсын;
2) аталышындагы жана 1-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун" деген сөздөр "Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
3) 2-пунктунун экинчи абзацындагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
4) жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун акимдеринин резервдик фондору жөнүндө жободо:
- мамлекеттик тилдеги аталышынын текстиндеги "фондору" деген сөз "фонддору" деген сөз менен алмаштырылсын;
- аталышындагы жана 1-пунктундагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун" деген сөздөр "Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн жана Кыргыз Республикасынын райондорунун" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 2 жана 3-пункттарындагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун 1-пунктчасынын үчүнчү абзацындагы "облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 3-пунктунун 2-пунктчасынын экинчи абзацындагы "облустардын губернаторлорунун резервдик фонддору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фонду" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 5-пунктунддагы "жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 6-пунктундагы "Жергиликтүү мамлекеттик администрация башчылары - облустардын губернаторлору" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү" деген сөздөр менен алмаштырылсын;
- 8-пункту төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:
"- эпидемиялык кырдаалдын пайда болуу коркунучуна жол бербөөгө байланыштуу иш-чараларды каржылоого;".
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" газетасынын 2020-жылдын 3-апрелиндеги N 32 жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри
М.Абылгазиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз-Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-февралындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтомуПостановление · 17.02.2023 · № 87
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №238 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын - облустардын губернаторлорунун жана райондордун…Постановление · 11.04.2012 · № 238 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон