Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоокомиссиясынын, Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 13-октябры № 367 Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоокомиссиясынын, Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 22-беренесинин 10-бөлүгүнүн 1.10-пункттарына, 19-беренесинин 4, 7, 8-бөлүктөрүнө жана 2011-жылдын 8-июлундагы № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын токтому менен бекитилген Жобого ылайык, Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын жыйналышынын протоколунун, Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы И.О.Сатыбаевдин катынын, А.Э.Токтомушевдин, К.С.Закиракунованын, М.Т.Тулөбердиевдин берген арыздарынын, ошондой эле 2011-жылдын 22, 23-июлундагы чучукулак боюнча протоколдорунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бишкек шаарынын Ленин аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Ак Шам" Жаратман мекенчилер саясий партиясынан Сапарбаев Эрлан Турдакунович, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Суйумкулова Гулнара Артисовна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Эл үчүн" саясий партиясынан Маматбекова Аида Аскаровна, жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Салымбаева Упакул Касымовна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
2. Ош облусунун Кара-Кулжа аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Токтомушев Абдилкадыр Эстебесович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Асанова Айгул Сабытбековна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Закиракунова Кайыркүл Сабыржановна комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органынан Обозова Венера Эркиновна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
4. Нарын облусунун Жумгал аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Демократическая партия "Туран" саясий партиясынан Түлөбердиев Муканбет Токтосунович комиссиянын курамынын мүчөлүгүнөн чыгарылсын;
- "Акшумкар" саясий партиясынан Сулайманкулова Нуржан Тилебалдиевна резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
5. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 9-июнун ПБ № 131-р (З.Х.Капкеева жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2010 · № 131-р