# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 201 "Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө" Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 201 "Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 201
- Кабыл алынган күнү: 06.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.07.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1999>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1914/edition/822899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1999.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 6-декабрындагы № 201 "Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө" Мыйзамы (28.07.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1999

---

КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары 2002-жылдын 6-декабры № 201

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө

2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1999/st-1)

Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" ("За благотворитель- ность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдары белгиленсин.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1999/st-2)

"Кайрымдуулук үчүн" ("За благотворительность") медалы менен ыкты- ярдуу түрдө жана пайда табуу максатын көздөбөй (акысыз же жењилдетилген шарттарда) төмөнкү иштерди жасаган жарандар жана юридикалык жактар сый- ланышат:

- жарандарга жана юридикалык жактарга мүлктөрүн, анын ичинде акча

каражаттарын беришкен, пайда табуу максатын көздөбөй жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткарышкан жана аз камсыз болгон жарандардын материалдык абалын жакшыртууга, жумушсуздарды, майыптарды жана башка адамдарды, өз- дөрүнүн дене түзүлүш же интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнө, башка жагдай- ларга байланыштуу өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өз алдынча иш- ке ашырууга жөндөмсүздөрдү реаблитациялоону кошуп алганда, жарандарды социалдык колдоого жана коргоого алгандар;

- калкты табийгый кырсыктардын, экологиялык, өнөр жайлык же башка

кыйроолордун кесепеттерин жоюуга даярдоого көмөк көрсөткөндөр, табийгый кырсыктардан, экологиялык, өнөр жайлык же башка кыйроолордон, социал- дык, улуттук, диний жањжалдардан жабыр тарткандарга, репрессиялардын курмандыктарына, качкындарга жана аргасыз жер которгондорго жардам бер- гендер;

- билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу чөйрөлөрүндө ин-

сандын руханий өсүшүнө көмөк көрсөткөндөр; тарыхий, диний, маданий же жаратылышты коргоо маанисиндеги имараттарды, объекттерди жана аймактар- ды, бейит жайларын коргоого жана тийиштүү дењгээлде сактоого көмөк көр- сөткөндөр.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1999/st-3)

Кыргыз Республикасынын "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалы менен экономиканы, маданиятты, билим берүүнү жана илимди, саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана чыњдоого орчундуу салымын кошкон Кыргыз Рес- публикасынын жарандары көп жылдык жана ак ниет эмгектери үчүн сыйланы- шат.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1999/st-4)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизил- син.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
