Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын «Кайрымдуулук үчүн» («За Благотворительность») жана «Эмгек ардагери» («Ветеран труда») медалдарын белгилөө жөнүндө» Мыйзамы
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Закон КР от 28 июля 2017 года № 157 "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-07-28.
КР 2017-жылдын 28-июлундагы № 157 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары 2002-жылдын 6-декабры № 201
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
"Кайрымдуулук үчүн" ("За Благотворительность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдарын белгилөө жөнүндө
2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынган
1-статья.
Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" ("За благотворитель- ность") жана "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалдары белгиленсин.
2-статья.
"Кайрымдуулук үчүн" ("За благотворительность") медалы менен ыкты- ярдуу түрдө жана пайда табуу максатын көздөбөй (акысыз же жењилдетилген шарттарда) төмөнкү иштерди жасаган жарандар жана юридикалык жактар сый- ланышат:
- жарандарга жана юридикалык жактарга мүлктөрүн, анын ичинде акча
каражаттарын беришкен, пайда табуу максатын көздөбөй жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү аткарышкан жана аз камсыз болгон жарандардын материалдык абалын жакшыртууга, жумушсуздарды, майыптарды жана башка адамдарды, өз- дөрүнүн дене түзүлүш же интеллектуалдык өзгөчөлүктөрүнө, башка жагдай- ларга байланыштуу өз укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын өз алдынча иш- ке ашырууга жөндөмсүздөрдү реаблитациялоону кошуп алганда, жарандарды социалдык колдоого жана коргоого алгандар;
- калкты табийгый кырсыктардын, экологиялык, өнөр жайлык же башка
кыйроолордун кесепеттерин жоюуга даярдоого көмөк көрсөткөндөр, табийгый кырсыктардан, экологиялык, өнөр жайлык же башка кыйроолордон, социал- дык, улуттук, диний жањжалдардан жабыр тарткандарга, репрессиялардын курмандыктарына, качкындарга жана аргасыз жер которгондорго жардам бер- гендер;
- билим берүү, илим, маданият, искусство, агартуу чөйрөлөрүндө ин-
сандын руханий өсүшүнө көмөк көрсөткөндөр; тарыхий, диний, маданий же жаратылышты коргоо маанисиндеги имараттарды, объекттерди жана аймактар- ды, бейит жайларын коргоого жана тийиштүү дењгээлде сактоого көмөк көр- сөткөндөр.
3-статья.
Кыргыз Республикасынын "Эмгек ардагери" ("Ветеран труда") медалы менен экономиканы, маданиятты, билим берүүнү жана илимди, саламаттык сактоону өнүктүрүүгө жана чыњдоого орчундуу салымын кошкон Кыргыз Рес- публикасынын жарандары көп жылдык жана ак ниет эмгектери үчүн сыйланы- шат.
4-статья.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган учурдан тартып колдонууга киргизил- син.
Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 4 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (4)
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2007-жылдын 5-февралындагы ПЖ №25 "Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн…Указ · 05.02.2006 · № 25
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
- КР През дентинин 2007-жылдын 5-февралы ПЖ № 25 "Кыргыз Республикасынын "Кайрымдуулук үчүн" жана "Эмгек ардагери" медалдарынын үлгүлөрүн жана сүрөттөлүшүн конкурстук тандоо…Указ · 05.02.2007 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 18 мая 2017 года № 295 "О проектах законов Кыргызской Республики "О государственных наградах и почетных званиях Кыргызской Республики" и "О…Постановление · 18.05.2017 · № 295 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдары жөнүндөЗакон · 28.07.2017 · № 157
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.