Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.Ы.Айтикеев, К.Арабаев, С.К.Дыйканов, Т.К.Колубаев, У.С.Сооданбеков Турсунбай Бакир уулу, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева берген колтамга баракчаларын текшерүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 3-октябры № 329 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.Ы.Айтикеев, К.Арабаев, С.К.Дыйканов, Т.К.Колубаев, У.С.Сооданбеков Турсунбай Бакир уулу, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева берген колтамга баракчаларын текшерүү жөнүндө Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 24, 26 жана 27-сентябрындагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 265, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Арабаев Калыбекти каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 272, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Дыйканов Салмоорбек Карбозовичти каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 24-сентябрындагы № 304, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Колубаев Торобай Куназовичти каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 24-сентябрындагы № 303, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Сооданбеков Уланбек Салморбековичти каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 271, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Бакир уулу Турсунбайды каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 24-сентябрындагы № 302, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Тюлеев Нариман Ташболотовичти каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 273, "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Уметалиева Токтайым Жумаковнаны каттоодон баш тартуу жөнүндө" 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 269, токтомдору жокко чыгарылгандыгын көңүлгө алып, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 2011-жылдын 2-октябрындагы аныктамасын, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Уметалиевага, С.Дыйкановго, Т.Колубаевге, А.Абышевге, У.Соодонбековго, К.Арабаевге, А.Айтикеевге карата иш-аракеттери жөнүндө" 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1088-V-токтомун, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 62, 106-беренелерин, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 12-беренесинин 3-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ жөнүндө" Жобонун 2-бөлүмүн, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-сентябрындагы № 223 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларынын тактыгын текшерүү жөнүндө" токтомун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топ 2011-жылдын 5-октябрына карата Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер А.Ы.Айтикеев, К.Арабаев, С.К.Дыйканов, Т.К.Колубаев, У.С.Сооданбеков, Турсунбай Бакир уулу, Н.Т.Тюлеев, Т.Ж.Уметалиева берген колтамга баракчаларын "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди колдогон шайлоочулардын колтамгаларын чогултуу тартиби жана талапкерлер, алардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрү берген кол коюу барактарындагы колтамгалардын жана маалыматтардын аныктыгын текшерүү жөнүндө" Нускамага ылайык капилет тандоо (чучукулак) жолу менен текшерүүнү ишке ашырсын.
2. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы № 12 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун курамына кошумча төмөндөгү адамдар киргизилсин:
- Джурабаева Г.К., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары;
- Шайымкулова А.Т., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары;
- Ашимов П.А., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Бапанова Ж.Б., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Кадырбеков И.Д., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Баялинов А.Ж., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү;
- Кадыркулова А.Б., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын Шайлоо процессин уюштуруу башкармалыгынын начальниги;
- Адылов С.М., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын окутуу Борборунун эксперти;
- Нурмаматов Н.Р., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын аппаратынын окутуу Борборунун эксперти;
- Абдывалы кызы А., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакырылган адиси;
- Бакалбаев Б.П., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакырылган адиси;
- Максат уулу А., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакырылган адиси;
- Шаршеналы уулу А., Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын чакырылган адиси;
- Бальджиков А.В., милициянын полковниги, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн начальниги;
- Сабырова Ж.Э., Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЭКБнын экспертиза жана учет бөлүмүнүн улук эксперти;
- Ысыранов С.К., Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин ЦЗРК ГЦСЭ жана юридикалык жактар менен иштөө боюнча башкармалыгынын жетектөөчү адиси;
- Дангилов Т.Н., Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы соттук колжазмалар экспертиза бөлүмүнүн башкы эксперти;
- Мундузбаева З.А., Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин алдындагы ГЦЭ колжазмалар эксперти.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Т.Д.Абдраимовго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 16 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (16)
- Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 5 сентября 2011 года № 223 "О проверке достоверности подписей избирателей в поддержку кандидата на…Постановление · 05.09.2011 · № 223
- Постановление центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 20 сентября 2011 года № 265 "Об отказе в регистрации кандидатом на должность Президента Кыргызской…Постановление · 20.09.2011 · № 265
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 272 "Калыбек Арабаевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна…Постановление · 20.09.2011 · № 272
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведеню референдумов КР от 24 сентября 2011 года № 302 "Об отказе в регистрации кандидатом на должность Президента Кыргызской…Постановление · 24.09.2011 · № 302
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11-июлундагы №11 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер…Постановление · 11.07.2011 · № 11
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 11 июлундагы №12 "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук…Постановление · 11.07.2011 · № 12
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 269 "Токтайым Джумаковна Уметалиеваны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна…Постановление · 20.09.2011 · № 269
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 271 "Уланбек Салмоорбекович Сооданбековду Кыргыз Республикасынын Президентинин…Постановление · 20.09.2011 · № 271
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 273 "Нариман Ташболотович Тюлеевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат…Постановление · 20.09.2011 · № 273
- Постановление Центральной комссии по выборам и проведению референдумов КР от 24 сентября 2011 года № 303 "Об отказе в регистрации кандидатом на должность Президента Кыргызской…Постановление · 24.09.2011 · № 303
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 24 сентября 2011 года № 304 "Об отказе в регистрации кандидатом на должность Президента Кыргызской…Постановление · 24.09.2011 · № 304
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 5-июлундагы № 5"Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерди…Постановление · 05.07.2011 · № 5
- КР Жогорку Кенешинин 2011-жылдын 30-сентябрындагы № 1088-V "Кыргыз Республикасынын Президенттигине талапкерлер Н.Тюлеевге, Т.Бакир уулуна, Т.Үмөталиевага, С.Дыйкановго…Постановление · 30.09.2011 · № 1088-V
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон