# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"Мыйзамы

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 197
- Кабыл алынган күнү: 05.12.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.04.2014
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1995>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1910/edition/529405/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1995.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.04.2014 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 5-декабрындагы № 197 "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөр киргизүү тууралу"Мыйзамы (24.04.2014 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1995

---

КР 2014-жылдын 24-апрелиндеги № 64 Мыйзамына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары

2006-жылдын 5-декабры № 197

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамына

өзгөртүүлөр киргизүү тууралу

2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1995/st-1)

"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Жарчы-

сы, 2000-ж., № 1, 14-ст.) төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 6-статьянын 3-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"3. Парламенттер аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштар Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы же Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин депутаттары тарабынан Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилет.".

2. 7-статьянын 1-пунктунун экинчи абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жы-

йынынын" деген сөздөр алып салынсын.

3. 8-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын парламент аралык келишимдерине кол коюу

жөнүндөгү чечимдер Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан ка-

был алынат.".

4. 9-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин Төрагасы атайын ыйга-

рым укугу жок эле Кыргыз Республикасынын парламенттер аралык келишимде-

ри боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин атынан кол коюуга укуктуу.".

5. 10-статьянын үчүнчү абзацындагы "Мыйзам чыгаруу жыйынынын Төра-

гасы жана Эл өкүлдөр жыйынынын" деген сөздөр алып салынсын.

6. 12-статьянын 2-пунктундагы "Жогорку Кењешинин Мыйзам чыгаруу

жыйынына" деген сөздөр "Жогорку Кењешине" деген сөздөр менен алмашты-

рылсын.

7. 13-статьянын 1-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин ратификациялоо

жөнүндө чечим (анын ичинде финансылык келишимдер жана кредиттик макул-

дашуулар) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан мыйзам

түрүндө кабыл алынат жана Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан

кол коюлат.".

8. 17-статьянын 2-пункту төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:

"2. Парламенттер аралык келишимдерге кошулуу жөнүндө чечимдер Кыр-

гыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан кабыл алынат.".

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1995/st-2)

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
