# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19934>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-975/edition/363053/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19934.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 308 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө" токтому (26.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19934

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-сентябры № 308 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден, аларды "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан" катталгандардын тизмесинен алып салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатынан Корниенко Валерий Владимировичтен (№ 39), Момунов Акат Акыновичтен (№ 42), Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтен (№ 43), Нурматов Кубанычбек Советовичтен (№ 46) баш тартуу арызы түшкөндүгүнө байланыштуу "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Корниенко Валерий Владимировичтин, Момунов Акат Акыновичтин, Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтин, Нурматов Кубанычбек Советовичтин аларды "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан" катталган талапкерлердин тизмесинен алып салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатынан баш тартуу арызы канааттандырылсын.

2. "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын" тизмеси боюнча Бакиров Омурбек Мирзараимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.

3. "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын" тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.

4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
