Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-сентябры № 308 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатын каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттыгына талапкерлерден, аларды "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан" катталгандардын тизмесинен алып салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатынан Корниенко Валерий Владимировичтен (№ 39), Момунов Акат Акыновичтен (№ 42), Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтен (№ 43), Нурматов Кубанычбек Советовичтен (№ 46) баш тартуу арызы түшкөндүгүнө байланыштуу "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна, 12-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3,6-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 25-пункттарына, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 65-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Корниенко Валерий Владимировичтин, Момунов Акат Акыновичтин, Токторбаев Жеңишбек Шермаматовичтин, Нурматов Кубанычбек Советовичтин аларды "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынан" катталган талапкерлердин тизмесинен алып салуу жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын мандатынан баш тартуу арызы канааттандырылсын.
2. "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын" тизмеси боюнча Бакиров Омурбек Мирзараимович Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп катталсын.
3. "Ата-Журт" идеалисттик демократиялык саясий партиясынын" тизмесинен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Бакиров Өмүрбек Мирзараимовичке күбөлүк жана белгиленген үлгүдөгү төш белги тапшырылсын.
4. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
5. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөЗакон · 04.05.2007 · № 67