# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Эсеналиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Эсеналиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 26.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19933>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-974/edition/363363/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19933.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 26-сентябрындагы № 307 "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Эсеналиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө" токтому (26.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19933

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 26-сентябры № 307 Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Эсеналиеванын ыйгарымдарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясына Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты С.Эсеналиевадан ал Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 461-буйрутмасы менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басарлыгы болуп дайындалгандыгына байланыштуу берген арызынын негизинде, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-беренесинин 3-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына, «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык мыйзамынын 65-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1, 6-пункттарына, 3-бөлүгүнө, «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатынын статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнө, 3-беренесинин 2-бөлүгүнө, 1-бөлүгүнүн 1, 3-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Ата-Журт» идеалисттик демократиялык саясий партиясы» саясий партиясынын талапкерлеринин тизмеси боюнча шайланган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сымбат Эсеналиеванын ыйгарымдары мөөнөтүнөн мурда токтотулсун.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Сымбат Эсеналиеванын №016 күбөлүгү жараксыз деп табылсын.

3. Бул токтом «Эркин Тоо» газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

4. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
