# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрынагы № 286 "Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрынагы № 286 "Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 286
- Кабыл алынган күнү: 22.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19912>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-955/edition/363011/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19912.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 22-сентябрынагы № 286 "Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (22.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19912

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-сентябры № 286 Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 4,7,8,15 - бөлүктөрүнө, 22 - беренесинин 10 - бөлүгүнүн 1, 10 - пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 - жылдын 8 - июлундагы №7 - токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде; А.Х.Кучменованын, Ж.Т.Кибраеванын, М.К. Үметалиевдин берген арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011 - жылдын 22 жана 23-июлундагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Чүй областынын Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Кучменова Аминад Хасимовна комиссиянын резервинен чыгарылсын.

2. Чүй областынын Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Ар - Намыс" саясий партиясынан Кибраева Жаңыл Тойалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;

- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Рахманбердиева Айша резервден комиссиянын курамына киргизилсин.

3. Чүй областынын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан комиссиянын мүчөсү Үмөталиев Майрамбек Кытайбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;

"Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы" саясий партиясынан Алымбеков Жайылбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 4 Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын. 5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
