Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 22-сентябры № 286 Чуй областынын Аламүдүн, Панфилов, Жайыл аймактык шайлоо комиссияларынын курамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19 - беренесинин 4,7,8,15 - бөлүктөрүнө, 22 - беренесинин 10 - бөлүгүнүн 1, 10 - пункттарына жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011 - жылдын 8 - июлундагы №7 - токтому менен бекитилген "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу жөнүндө" Жобого ылайык, Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын протоколунун негизинде; А.Х.Кучменованын, Ж.Т.Кибраеванын, М.К. Үметалиевдин берген арыздарынын негизинде, ошондой эле 2011 - жылдын 22 жана 23-июлундагы чүчүкулактын протоколдорунун негизинде Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чүй областынын Аламүдүн аймактык шайлоо комиссиясынын резервине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Кыргызстандын Демократиялык кыймылы партиясы" саясий партиясынан Кучменова Аминад Хасимовна комиссиянын резервинен чыгарылсын.
2. Чүй областынын Панфилов аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Ар - Намыс" саясий партиясынан Кибраева Жаңыл Тойалиевна комиссиянын курамынан чыгарылсын;
- "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынан Рахманбердиева Айша резервден комиссиянын курамына киргизилсин.
3. Чүй областынын Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын курамына төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- "Мекен Ынтымагы" саясий партиясынан комиссиянын мүчөсү Үмөталиев Майрамбек Кытайбекович комиссиянын курамынан чыгарылсын;
"Кыргызстандын социал - демократиялык партиясы" саясий партиясынан Алымбеков Жайылбек резервден комиссиянын курамына киргизилсин. 4 Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын. 5 Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т. Шайымкуловага жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (2)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-июлу № 7 "Шайлоо комиссияларын түзүү жана таратуу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө" токтомуПостановление · 08.07.2011 · № 7
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин 2010-жылдын 9-июнун ПБ № 131-р (З.Х.Капкеева жөнүндө) буйругуРаспоряжение · 09.06.2010 · № 131-р