Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 20-сентябры № 275 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүүнүн графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн Чүй областтык сотунун жарандык иштер боюнча сот коллегиясынын 2011-жылдын 19-сентябрындагы М.К.Касымалиевди Чүй областынын Чүй районунун Онбир-Жылга айыл өкмөт башчысынын ордуна коюу жөнүндө чечиминин негизинде, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы N 236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону өткөрүү графигине төмөндөгүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- Чүй областынын Чүй районунун Онбир - Жылга айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоону өткөрүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунда эмгектик талаш тартышты кароонун аякташына чейин токтотулуп турсун.
2. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
3. Ушул токтом Чүй областынын Чүй аймактык шайлоо комиссиясынын көңүлүнө жеткирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын…Постановление · 06.09.2011 · № 236
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон