# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 274 "А.К.Малиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 274 "А.К.Малиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 274
- Кабыл алынган күнү: 20.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19900>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-943/edition/362987/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19900.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча Борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 20-сентябрындагы № 274 "А.К.Малиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө" токтому (20.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19900

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 20-сентябры № 274

А.К.Малиевди Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартуу жөнүндө

Тил боюнча комиссиянын корутундусунун негизинде, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 53-беренесинин 7-бөлүгүнүн 1-пунктун, 51-беренесинин 1-бөлүгүн, 50-беренесинин 3-бөлүгүн,"Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна көрсөтүү ниетин билдирген Арсланбек Касымакунович Малиев мамлекеттик тилди билбейт деп белгиленсин.

2. Арсланбек Касымакунович Малиев мамлекеттик тилди билбегендигине байланыштуу аны Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерликке каттоодон баш тартылсын.

3. Арсланбек Касымакунович Малиевге ушул токтомдун көчүрмөсү берилсин.

4. Бул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлер берген шайлоо документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
