# Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-ноябрындыгы № 192 " Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-ноябрындыгы № 192 " Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө"
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 192
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.11.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/1990>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-1905/edition/285243/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/1990.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 30-ноябрындыгы № 192 " Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын кошулуусу жөнүндө" (30.11.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/1990

---

Бишкек шаары

2006-жылдын 30-ноябры № 192

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол

коюлган жапайы фаунанын жана флоранын жоголуу

коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча

конвенцияга (CITES) Кыргыз Республикасынын

кошулуусу жөнүндө

2006-жылдын 19-октябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењеши тарабынан кабыл алынган

### [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1990/st-1)

Кыргыз Республикасы Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол

коюлган Жапайы фаунанын жан флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлө-

рүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (CITES) кошулсун.

### [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1990/st-2)

Ушул Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын

айлана-чөйрөнү коргоо боюнча органы Кыргыз Республикасынын администра-

циялык органы болуп саналат.

Ушул Конвенциянын жоболорун ишке ашырууда Кыргыз Республикасынын

Улуттук илимий академиясы Кыргыз Республикасынын илимий компетенттүү

органы болуп саналат.

### [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1990/st-3)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Вашингтон шаарында 1973-жылдын

3-мартында кол коюлган Жапайы фаунанын жан флоранын жоголуу коркунучун-

да турган түрлөрүн эл аралык соодалоо боюнча Конвенцияга (CITES) кошул-

гандан кийин Кыргыз Республикасынын мүчөлүк акыларын каржылоону кара-

сын.

### [4-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1990/st-4)

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Кыргыз Республикасы

Вашингтон шаарында 1973-жылдын 3-мартында кол коюлган Жапайы фаунанын

жан флоранын жоголуу коркунучунда турган түрлөрүн эл аралык соодалоо

боюнча Конвенцияга (CITES) кошулганы жөнүндө грамотаны депозитарий-мам-

лекет болуп саналган Швейцария Конфедерациясына депонирлесин.

### [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/1990/st-5)

Ушул Мыйзам жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти К.Бакиев
