# КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 262
- Кабыл алынган күнү: 16.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19888>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-931/edition/362963/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19888.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 16-сентябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (16.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19888

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-сентябры № 262 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын 2011-жылдын 22-сентябрына дайындалган шайлоо күнүн кийинки күнгө - 23-сентябрга жылдыруу тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан келип түшкөн катынын негизинде-жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Т.Мундузбаеванын жана Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы В.Кадырованын эмгек талаштары боюнча иштери Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан өндүрүштө болгондугуна байланыштуу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМКЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 6-сентябрындагы N 236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:

1). Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү 2011-жылдын 23-сентябрына жылдырылсын.

2). Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн;

- Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчыларын шайлоолору эмгек талаштар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан каралып бүткөнгө чейин токтотулсун.

3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
