КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 16-сентябры № 262 Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясына Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын 2011-жылдын 22-сентябрына дайындалган шайлоо күнүн кийинки күнгө - 23-сентябрга жылдыруу тууралуу Ысык-Көл аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасынан келип түшкөн катынын негизинде-жана Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы Т.Мундузбаеванын жана Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн мурунку башчысы В.Кадырованын эмгек талаштары боюнча иштери Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан өндүрүштө болгондугуна байланыштуу, "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 49-беренесинин 2-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 7-бөлүгүнүн 2-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМКЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан 2011-жылдын 6-сентябрындагы N 236 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруучу органдарынын башчыларын шайлоолорду жүргүзүү графигине төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1). Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун Семеновский айыл өкмөтүнүн башчысын шайлоо күнү 2011-жылдын 23-сентябрына жылдырылсын.
2). Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн;
- Ош облусунун Алай районунун Талды-Суу айыл өкмөтүнүн айыл өкмөт башчыларын шайлоолору эмгек талаштар боюнча иштер Кыргыз Республикасынын Жогорку Соту тарабынан каралып бүткөнгө чейин токтотулсун.
3. Ушул токтом "Эркин Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтында жайгаштырылсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын аппарат жетекчиси М.С.Султановго жүктөлсүн.
Төрага
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 6-сентябрындагы № 236 "Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын…Постановление · 06.09.2011 · № 236
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөЗакон · 15.07.2011 · № 101 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- О выборах Президента Республики КыргызстанЗакон · 31.08.1991 · № 566 · Күчүн жоготкон