# КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябры № 258 "Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябры № 258 "Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 258
- Кабыл алынган күнү: 14.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 14.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19884>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-927/edition/665454/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19884.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 14-сентябры № 258 "Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө" токтому (14.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19884

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-сентябры № 258 "Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө" "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 15-беренесинин 2, 4-пункттарын жетекчиликке алып, шайлоочулардын тизмесинин сапатын жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Үймө үй кыдыруу жолу менен шайлоочулардын тизмесин тактоо жөнүндө" Жобо бекитилсин (тиркелет).

2. Бул токтом "Эркин-Тоо" газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары Г.К.Джурабаевага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдраимов
