КР шайлоо жана референдум откоруу борбордук комиссиясынын «Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КРот 28 сентября 2017 года № 485 "Об утверждении Положения "О порядке обеспечения защиты от несанкционированного доступа к избирательным документам при доставке, передаче и приеме вышестоящими избирательными комиссиями на выборах Президента Кыргызской Республики и депутатов Жогорку Кенеша Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2017-09-28.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
КР Борборшайлоокомунун 2017-жылдын 28-сентябрындагы N 485 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 14-сентябры N 257 Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын депутаттарын шайлоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 34, 35, 36, 37-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 15-пункттарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы, токтом кылат:
1. 2011-жылынын 17-августунда Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы тарабынан N 151 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоодо жогору турган шайлоо комиссияларына шайлоо документтерин жеткирүүдө, берүүдө жана кабыл алууда санкцияланбаган жетиштиктен коргоону камсыз кылуунун тартиби жөнүндө Жобого төмөнкү толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) бешинчи абзацындагы:
- "экинчи нускалары" деген сөздөр "нуска" деген сөзгө алмаштырылсын;
- "үч" деген сөз "эки" деген сөзгө алмаштырылсын;
2) жобонун бүткүл тексти боюнча "(же үчүнчү нуска)" деген сөздөр алып салынсын:
3) сегизинчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун экинчи нускасы, участкалык комиссиянын мөөрү, эки сейф-пакеттердин айрылма талондору, биринчи нуска менен сейф-пакеттерди аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилгендиги жөнүндө акт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү участкалык шайлоо комиссиясынын катчысында сакталат, ал комиссиянын ишинин аякташына чейин алардын тактыгына жана сакталышына мыйзамда белгиленген жоопкерчиликти тартат."
4) онунчу абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"участкалык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдун күбөлөндүрүлгөн сейф-пакети жана добуш берүү күнүндө шайлоочуларга берилген шайлоо бюллетендеринин дүмүрчөктөрү менен Борбордук шайлоо комиссиясына жөнөтүлөт. Сейф-пакеттерди Борбордук шайлоо комиссиясы үчүн аймактык шайлоо комиссиясында ачууга жол берилбейт.";
5) он биринчи абзац төмөнкү редакцияда берилсин:
"Аймактык шайлоо комиссиясы участкалык шайлоо комиссияларынан түшкөн добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө протоколдордун алгачкы нускаларынын негизинде, алардагы маалыматтарды бириктирүү жолу аркылуу тийиштүү аймактагы добуш берүүнүн жыйынтыгын чыгарат, ал жөнүндө добуш берүүнүн протоколу менен аймактык шайлоо комиссиясынын добуш берүүнүн жыйынтыктары боюнча бириктирилген таблица түзүлөт.";
6) он үчүнчү абзацта:
- "аймактык шайлоо комиссиясы" деген сөздөрдөн кийинки "да сейф-пакетке таңгакталат" деген сөздөр алып салынсын;
- "өткөрүүгө" деген сөздөн мурда "Борбордук шайлоо комиссиясына" деген сөздөр менен толукталсын;
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын расмий сайтына жайгаштырылсын.
3. Ушул токтом аймактык жана участкалык шайлоо комиссияларына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Т.Шайымкуловага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы
Т.Абдраимов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (4)
- Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 2-июлундагы № 68 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" Конституциялык…Конституционный Закон · 02.07.2011 · № 68
- Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөЗакон · 30.06.2011 · № 62
- Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын 2017-жылдын 28-сентябрындагы № 485 "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз…Постановление · 28.09.2017 · № 485
- Постановление Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов КР от 17 августа 2011 года № 151 "Об утверждении Положения о порядке обеспечения защиты от…Постановление · 17.08.2011 · № 151