# КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2011
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/19868>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/9-911/edition/362905/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/19868.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР шайлоо жана референдум откоруу боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 8-сентябрындагы №242 "Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө" токтому (08.09.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/19868

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ШАЙЛОО ЖАНА РЕФЕРЕНДУМ ӨТКӨРҮҮ БОЮНЧА БОРБОРДУК КОМИССИЯСЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 8-сентябры №242 Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн каттоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевден Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясына келип түшкөн документтерин карап чыгып, "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 19-беренесинин 4-бөлүгүн, "Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө" Мыйзамынын 7-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2, 19-пункттарын жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук шайлоо комиссиясы, ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевдин шайлоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлдөрү болуп төмөнкүлөр катталсын:

- Бейсебаев Рахат Сансызбаевич, 1975-жылы туулган, К.Карасаев ат. Бишкек Гуманитардык Университетинин доценти;

- Джумагулов Шаимбек Шаршенбекович, 1951-жылы туулган, "ЖУМА" дыйкан чарбасынын башчысы;

- Усенова Индира Алтынбековна, 1973-жылы туулган, убактылуу иштебейт;

- Мамбетов Руслан Белекович, 1976-жылы туулган, убактылуу иштебейт.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарга Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкер Э.К.Булекбаевдин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн каттоо күбөлүктөрү берилсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин кызмат ордуна талапкерлердин берген документтерин кабыл алуу жана текшерүү боюнча Жумушчу топтун жетекчиси Ж.А.Акматовко жүктөлсүн.

Төрагасы

Т.Абдраимов
